• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ИИМди басып алууга айыпталып жаткан Асановду кызматка Суваналиев дайындаганбы?

17 Бирдин айы 2021 11:59 Бишкек Govori.TV

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда милициянын генерал-майору Курсан Асановду Ички иштер министри жана Бишкек шаарынын коменданты кызматын аткаруучу кылып дайындаган. Бул тууралуу документ тарап, анда Асановду кызматка дайындоо чечими жазылып, Суваналиевдин колу коюлган.

6-октябрда кол коюлган документте башаламандык учурунда шаардагы коомдук коопсуздукту сактоо максатында Асанов кызматка келип жатканы айтылган.

Асановдун жактоочусу Таалайгуль Токтакунованын айтымында бул иште жоопсуз суроолор көп.

«Менден Асковдун балдары сурап жатат, «Эмне үчүн биздин атабызды ИИМге дайындаган адам губернатор болду, а биздин атабыз абакта?», а мен анын көздөрүнө карап, суроосуна жооп бере албайм», — деп жазган ал.

Нет описания.

Учурда камакта олтурган Курсан Асановго карата козголгон иштердин үстүнө дагы бир иш кошулган.

26-январда ал Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, кармалган. Азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат.

2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө бийлик алмашкан. Асанов ошол убакта бир нече күн Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болгон.

Ал эми 15-февралда Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Кошумчалай кетсек, тараган бул документ тууралуу Өмүрбек Суваналиевден түшундүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Количество просмотров: 541