• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Судандан казакстандык жарандарды эвакуациялоо уланууда

27 Чын куран 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Куралдуу кагылышуудан улам Судандан бир нече казакстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу 26-апрелде Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Суданда бир жумадан бери армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү» тобунун ортосундагы куралдуу кармаш уланып жатат.

“Бүгүн Казакстандын бир нече жараны жаңжал болгон аймактан эвакуацияланды. Казак жарандарын бардык жолдор менен, анын ичинде Эфиопия жана Сауд Арабиясы аркылуу чыгаруу боюнча иштер улантылууда”, — деп айтылат Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Казак ТИМи Суданда канча казакстандык бар экенин белгилеген эмес.

24-апрелде мекеме Судандан үч жаран эвакуацияланганын маалымдаган.

Соңку маалыматтарга караганда, Судандын армиясы менен “Ыкчам колдоо күчтөрү» деп аталган аскерлешкен топ ок атышууну токтотуу жөнүндө кезектеги макулдашууну 25-апрелдин кечинде кайрадан бузуп, салгылашуулар жанданды. Кармаш башталган 15-апрелден бери 450-600дөй киши набыт болду.

Количество просмотров: 49