• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Суданда дамба жарылып 30дан ашык адам көз жумган

27 Баш оона 202416:24 Бишкек Govori.TV

Судандын чыгышында жаан-чачындан улам дамба жарылып, кеминде 30дан ашык адам көз жумган.

Андан тышкары элге электр жарыгын жеткирүүчү жабдыктар иштен чыгып, алтын шахтаны да суу каптады.

Суу сактагычтагы дамба Порт-Судан шаарынын жашоочулары үчүн суунун негизги булагы болгон. 2023-жылдагы эсеп боюнча шаарда 489 миңдей адам жашайт.

Судандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү жаан-чачындын кесепетинен жалпы 132 адамдын өмүрү кыйылды. Дагы 200 дөй адамдын дайыны табылбай жатат.

Жаан-чачындын суусу өлкөдөгү 10 провинцияны каптап, алардын ичинен Түндүк жана Нил провинциялары көбүрөөк жабыркады.

БУУнун маалыматы боюнча, 50 миңден ашык адамдын турак жайы жараксыз болуп калган.

Количество просмотров: 145