Судьялар кеңешинин 4-августтагы жыйынында эки судьяны кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечими кабыл алынды. Бул боюнча Тартип комиссиясынын бүтүмү угулуп, талкууланды.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жакында Тоң райондук сотунун төрагасы Ниматилла Каримбековго жана Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жамиля Туражановага чара көрүүнү суранган.
Судьялар кеңеши аты аталган эки сотту мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушун президент Садыр Жапаровго жолдоду.