• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сулайманов Казакстандын мамилесине нааразы

1 Чын куран 2020 12:28 Бишкек Govori.TV

Коңшу Казакстан ундарын бизге чыгарбай жатышыптыр. Кыйын учурда кошуна мамлекеттер дайыма ушундай мамиле кылышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-апрелдеги жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

«Казакстан унду бизге чыгарбайбыз деп чечим чыгарыптыр. Биз 30-жылдары Казак туугандары ачка калганда аларды сактап калганбыз. Дайыма кыйын мезгилде кошуна өлкөлөр ушундай мамиле кылышат. ЕАЭБдин нормалары иштеп жатабы? Ушул кырдаалдан чыкканга чейин өз алдынча оокат кылышыбыз керек. Казак туугандар ун бербесе башка жактан алышыбыз керек», — деди депутат Сулайманов.

Количество просмотров: 7699