• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сулайманов: Парламентти акчасына таянган олигархтардын бизнес клубуна айланттык

5 Бугу 2020 10:38 Бишкек Govori.TV

Парламентти элдин колдоосу жок, акчасына таянган олигархтардын бизнес клубуна айланттык.  Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын  лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Ал өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу саясий лидерлерге жана  жарандык коом өкүлдөрүнө атайын сунуш менен кайрылып, шайлоодо партиянын ичиндеги талапкерди жарандар тандашы керектигин айтты.

“Менин сунушум эл лидерлер бекиткен тизмеге эмес, өз талапкерлерине добуш берсин. Мындай системада шайлоочу партияны тандап, анын тизмесиндеги талапкерге түз добуш берет”, — деди Сулайманов.

https://www.facebook.com/100003316403938/posts/2917079035079281/
Количество просмотров: 228