• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сулайманова: Орус тилдүү мектепте кыргыз класс ачтым

20 Чын куран 2024 9:37 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Москва районунан келген Жанылай Сулайманова. Ал мектепте директордун орун басары болуп иштейт, ошону менен бирге жергиликтүү кеңештин депутаты.

«Мугалим катары өзүм иштеген мектепте кыргыз класстарды ачкам. Бир эле мектептин көйгөйлөрү менен жүрбөстөн айылдын да көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып баштадым. Ал эми кыргыз тилинин деңгээлин көтөрүүгө чоң аракеттерди кылып келем. Кыйын деп атына заты жарашкан бул долбоодон көп нерсе күтуп келдим жана жакшы жаңы билимдерди алам деп ишенем», -деди ал.

Количество просмотров: 188