• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Султан Жумагуловдун карындашы агасын эскерди

7 Жетинин айы 2018 16:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.11.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 7-ноябрда Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди. Эскерүү иш-чарасында алардын элесине арналып коюлган сүрөт-галерея ачылды. Иш-чарага Кыргызстандагы ММКлардын жетекчилери, саясий-коомдук ишмерлер катышты. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча соңку 25 жыл ичинде өлкөдө 100дөн ашык журналист каза болгон.
Бул иш чарада маркум журналист Султан Жумагуловдун бир тууган карындашы агасын айтып эскерди.
Эске салсак, Жумагулов 8-октябрга караган түнү көпкө чейинки созулган оорудан соң көз жумган.

 

Количество просмотров: 57