• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Султанбаев «Бакиевдин жубайынын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду» деген маалыматты четке какты

18 Үчтүн айы 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта “самолет менен Минскиден келе жаткан Назгүл Төлөмүшеванын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшеванын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда, Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткен. Ошону менен бирге, жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз»,-деп жазган Султанбаев.

Эске салсак, качкын президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева 15-январда каза болгон.

Количество просмотров: 542