• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Султанбаев: Ширшовго козголгон  иштер  болгон экен, кийин акталып чыккан

13 Бугу 2022 10:51 Бишкек Govori.TV

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Алексей Ширшов боюнча айрым тактоолорду киргизди.

«Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты.

Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган», — деп билдирди Султанбаев.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров үй камагына чыккан Алексей Ширшов боюнча үн катып, ал тууралуу элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берген.

undefined
Количество просмотров: 478