• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Султанбаев Жапаров менен Ташиевдин айылдары гана өнүгүүдө деген маалыматка жооп берди

9 Жетинин айы 2022 14:58 Бишкек Govori.TV

КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактарда тарап жаткан президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин туулуп-өскөн айылдары гана өнүгүүдө деген маалыматка комментарий берди.

“Урматтуу достор, айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат менен дагы бир жолу бөлүшүүнү туура көрдүм.

Мамкурулуш тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-октябрына чейин республикалык бюджеттин эсебинен 193 объекттин курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары 6 млрд 172,1 млн сомго бүткөрүлгөн, алар:

  • 99 мектеп;
  • 25 бала бакча;
  • 16 саламаттык сактоо объекттери;
  • 6 маданият тармагындагы объекттери;
  • 5 спорткомплекс;
  • 30 калкты таза суу менен камсыз кылуу объекттери;
  • 12 башка объекттер (административдик имараттар, стационардык транспорттук көзөмөл пункту ж.б.).

Анын ичинде облустар боюнча:

  • Чүй облусунда — 22 объект;
  • Баткен облусунда — 46 объект;
  • Жалал-Абад облусунда — 27 объект;
  • Ысык-Көл облусунда — 18 объект;
  • Нарын облусунда — 18 объект;
  • Ош облусунда — 47 объект;
  • Талас облусунда — 15 объект.

Мындан тышкары, башка каржылоо булактардын эсебинен (кайрымдуулук фонддордун, облустук өнүктүрүү фонддорунун, жеке донорлордун каражаттары) өлкө боюнча 130 социалдык объектилердин курулуштары бүткөрүлдү”, — деп маалымдады ал.

Количество просмотров: 281