18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Феруза Султанова Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан келди.
«Пушкин атындагы №4 мектебинде мугалим болуп эмгектенем. Бул долбоорго аялдардын лидерлик дараметин арттыруу багытында билим алуу үчүн келдим. Алган билимимди элеттеги айымдар менен бөлүшкүм келет», — деди ал.