Бишкек.10.11.2018. Govori.TV
Бишкек шаарындагы супермаркеттердин биринде жаш жигит лезвия менен өз венасын кескен факты катталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чүй ОИИБнын пресс-кызматы билдирген.
Белгилүү болгондой окуя бүгүн болжолдуу эрте мененки саат 8:00 чамасында болгон. 25 жаштагы Ысык-Көл облусунда туулган жаран эрте менен супермаркетке кирип лезвия сатып алган. Ал ошол жерден венасын кесип, өзүнө кол салууга аракет жасаган.
«Биринчи жардамды жеринен маркеттин кызматкерлери берген. Алар милиция жана тез жардам кызматына кабарлашкан. Жаран эмне үчүн өзүнө кол салганы азырынча белгисиз. Учурда анын себептери такталууда»,-деп билдирет Чүй ОИИБнан.