• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сурабалдиева: «30 жыл чыдадыңар, дагы чыдагыла» дегенге өкмөттүн укугу жок

6 Жалган куран 2024 14:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-мартта ЖКнын жаплы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева энергетика министри Таалайбек Ибраевдин буга чейин «эгер энергетикада таңкыстык болсо, майнинг фермалардын иши токтотулат» деп айтканын эсине салып, бул багытта иш алып баруу зарыл экенин айтты.

Ал эми министр майнинг фермалар электр энергиясын Кыргызстандан эмес, Казакстандан алып жатканын, электр энергиясын транзиттөөгө гана акча аларын билдирип, энергетикадагы тартыштык убактылуу экенин айтып, элди чыдап коюуга чакырды.

Депутат Элвира Сурабалдиева: «Элди минтип «чыдагыла» деп айтпагыла, акыңар жок. Элдин атынан мен силерге айтайын, 30 жыл бизнес-класс менен учпай эле келдиңер, эми да учпай чыдагыла. Кымбат унааңарды айылдагы элге «жарыкта үйүңөргө жетип алгыла» деп бергиле. Бизге ата-энелер балдарын мектептен 3-нөөмөттөн чыкканда өтө караңгы болуп калууда деп кайрылып жатышат», — деп сын пикирин айтты.

Количество просмотров: 173