Бүгүн, 4-мартта ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун каралды.
Жыйын депутат Элвира Сурабалдиева Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Алтынбек Максүтовго «Бийликтин 50 миң фейк армиясы бар» деген кептер айтылып жатканын билдирип, суроо узатты.
Депутаттын суроосуна жооп берген министр бул тууралуу кабары жок экенин айтты.