• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Вице-премьер Сурабалдиева дары-дармек бар жогун текшерип жатат

10 Жетинин айы 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева КР өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоого зарыл болгон дары-дармек каражаттарынын запасын уюштуруу боюнча иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Вице-премьер-министр белгилегендей, COVID-19 пандемиясынын биричи толкунунда өлкөдө дары-дармектин жетишсиздиги байкалып, мамлекет 2 ай карантин учурунда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны көбөйүшүнө тийиштүү түрдө даярданууга жетише алган эмес.

«Кагаз жүзүндө баары жакшы, ал эми иш жүзүндө абал башкача болду. Айрым дары-дармектерге карата баалар бир нече эсеге жогорулап, алардын тартыштыгы орун алды. Ошондуктан COVID-19 илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн бекитилген №4-протоколго ылайык дары-дармек каражаттарынын тизими боюнча запастар менен жекече таанышууну туура көрдүм. Кызыкдар тараптардын уруксаты менен биз мамлекеттик кампалардан тышкары, жеке фармацевтикалык компаниялардын камы менен да таанышып чыгабыз. Учурда коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү мезгилине тийиштүү кол тийгис запастар болушу керек, себеби COVID-19 менен катар ар-кыл вирустук оорулар күч алат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын өкмөтү дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын жана медициналык мекемелердин кадрлар менен камсыздалышына өзгөчө көңүл бурууда. Алдыдагы 2-3 айга жеткидей дары-дармек запастары бар, кезегинде ал толтурулуп турат. Мындан тышкары, республика боюнча дары-дармек каражаттары рыногундагы абал көзөмөлгө алынган. Аларга карата жасалма баалардын көтөрүлүшүнө жол берилбеши керек», — деп белгиледи Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр белгилегендей, учурда өлкө аймактарында курулган жугуштуу оорулар ооруканасын жабдуулар менен камсыздоо, өзгөчө аймактардагы дарыгерлерди дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселесине басым жасалууда.

«Кампаларда тийиштүү запастар болгону менен “кызыл зонада” иштеп жаткан дарыгерлердин колуна алар жетпей жаткандыгы тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Аталган маселе көзөмөлгө алынган, мамлекеттин жана дарыланууга муктаж жарандардын кызыкчылыгына каршы багытталган аракеттерге чек коюлат», — деди вице-премьер-министр.

Количество просмотров: 74