• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сурабалдиева: Кыйын убакта биз журналисттерге жалдырайбыз…

18 Үчтүн айы 2024 16:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда журналисттердин укуктары корголушу керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 18-январдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, түшүндүрүү иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине эмес, укук коргоо органдарына жүргүзүү керек.

“Саясатта жүргөн адамдар журналисттердин сын-пикирине көнүшүбүз керек. Кыйын убакта биз журналисттерге жалдырайбыз. Башыман өткөн нерселерди айтып жатам. 2005-жылдары атамды Бакиевдер аттырып кеткенде ошол эле “Азаттыкка”, 24.kg, Akipress агенттиктерине кайрылып, менин да сөзүмдү берип койгулачы деп сурангам. “Бирок андай кездерди унутуп, азыр журналисттерди куугунтуктаган туура эмес” деп айтылып жатат”, — деди Сурабалдиева.

Количество просмотров: 137