• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сурабалдиева: Кыргызстан демократия, сөз эркиндиги жагынан Орто Азияда биринчи орунда

31 Баш оона 2022 18:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан демократия, сөз эркиндиги жагынан Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.

«Дүйнөдө канча калктын мекени да жери да жок. Өзүбүздүн мамлекетибиздин, жерибиздин бар болгону менен, Эгемендүү мамлекет экенибизге сыймыктанам. Калк үчүн бул эң чоң жетишкендиктердин бири болот. Эң чоң жетишкендиктер бул салыштыралуу болот окшойт. Орто Азия мамлекеттеринин ортосунда эң демократиялык жана эң чоң сөз эркиндиги бар өлкө биз турабыз деп ойлойм. Бул менин жеке өзүмдүн оюм. Дүйнө элине салыштырмалуу кээ бир мамлекеттер 150 жылдап, 300-400 жылда калыптанган. Кыргызстан Эгемендүү болгонуна быйыл болгону 31 жыл болуп жатат, бул бир жагынан аз көрүнөт мүмкүн, кээ бирлерге. Негизинен биз өзүбүз шашмабыз, бүгүнкү кундө Европада жашагыбыз келет, же башка өлкөдөгүдөй болуп жашагыбыз келет дегендей, ал мамлекеттердин тажырыйбасы башкача болгон. Мен Кыргызстандын келечеги, жетишкендиктери али алдыда деп ишенем», — деди Сурабалдиева.

Количество просмотров: 497