• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сурабалдиева: Мени эч ким чакырган жок, жыйынга өзүм келдим

13 Тогуздун айы 202018:40 Бишкек Govori.TV

Мени эч ким чакырган жок, жыйынга өзүм келдим. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Анын айтымында, депутат айымды кезексиз жыйынга эч ким чакырган эмес, маалымат булактарынан окуп келген.

«Бүгүн жыйынга кворум үчүн келдим. Себеби азыркы кырдаал оор боюнча эле турат»,- деди Сурабалдиева.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз отуруму өткөнү жатат. Жыйын 16:00гө белгиленген. Бирок азыркы тапта 59 депутат чогулду.

Количество просмотров: 1472