• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Сурак кылганыңар да, сурак бергениңер да мыйзамды сактагыла». Бекназаров Ташиев менен Мадумаровго кайрылды

19 Үчтүн айы 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Азимбек Бекназаров коомчулукта жүрүп жаткан бир катар кептер тууралуу пикирин айтып, жооп берди. Бул жөнүндө ал видеокайрылуу жасап, соцтармакка жарыялады.

Бекназаровдун айтымында, соцтармактарда ​​аны атайылап каралап, Малайзиядан Адахан Мадумаровго каршы көрсөтмө берүү үчүн атайын келген деген ушактардын тарап жатканынан, ал видео кайрылуу жасоого аргасыз болгон.

«Эки жыл мурун мен Адахан Мадумаровдун Малайзиядагы элчилик кызматына сатылып кетти деген сөзүнө жооп иретинде маалымат жыйында айткан сөзүмдү эки жылдан бери Мадумаровго каршы колдонуп келишет, үскүлөп-кескилеп. Эми ошол ютубдагы сөздөрүңүздү тактап коелу деген тергөөчүлөргө макул болгонумду айрымдар, Мадумаров дагы, бийлиги дагы саясат кылып жатышат. Мени Малайзиядан Адаханга каршы көрсөтмө бергени атайы келгендей кылып… Мекендештер мен ал үчүн келген жокмун», — деди Бекназаров.

Бекназаров июнь окуясы боюнча сурак берүү үчүн келгенин белгилеген.

«Мени өткөн жылдын декабрь айында Башкы прокуратура июнь окуясы боюнча суракка чакырган. Мен бирок ыңгайлуу учур болгондо барам ошондо сурагыла деп, мына ушул убакка келдим. Мен башка кызматтык сапар келгем Кыргызстанга. Ошол учурдан пайдаланып сурак кылып жатышат 3 күндөн бери.

Ай, урматтуу Камчы иним, Адахан иним. Бир жыл мурун чек ара сырын сактабаганыңардан чыгарган чырыңарды, эми тергөнүн сынын бузуп элдин башын оорутуп дагы чыр кылалы деп жатасыңар. Сурак кылганыңар да, сурак бергениңер да мыйзамды сактап, тергөөнүн купуялуулугун сактап, элдин башын оорутпай жөн бербейсиңерби», — дейт ал.

Эске салсак, Адахан Мадумаров бир нече күндөн бери Башкы прокурада сурак берип жатат. Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары чакырылган.

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сурак берип жаткан Адахан Мадумаров 18-январда сурактан чыккандан кийин «эртең жекеме-жеке жолугушуулар болот экен, бир азамат Мадумаровго каршы сүйлөп берем деп келген экен» деп айткан.

Количество просмотров: 495