• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Суракматов: Бишкектеги конуштарда да кырдаал начарлады

8 Теке 2020 16:31 Бишкек Govori.TV

Акыркы эки жумада кырдаал начарлай баштады, деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүн, 8-июлда өкмөт үйүндөгү брифингде.

Анын айтымында, Бишкекте коронавирус менен ооругандардын саны 3617 адамга жетти же республика боюнча бардык ооругандардын 42%ын түзөт.

«Конуштарда да кырдаал начарлады, COVID-19 менен ооругандардын саны 680 адамды түздү. Пневмония оорусу менен ооругандардын саны тез өсүп жатат, бул акыркы жылдардан бир нече жогору. Ооругандардын көпчүлүгү коронавирус лабораториялык диагнозу коюлганга чейин келип жатат. Өлкөнүн дарыгерлеринин жана башкы пульмонологунун маалыматтары боюнча бул коронавирус экендиги айтылып жатат. Мындай ооруп калуунун өсүү динамикасы шаар тургундарына коркунуч алып келүүдө», — деди ал.

Количество просмотров: 370