• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Суракматов экинчи толкун кайсы учурда келээрин айтты

7 Аяк оона 2020 18:29 Бишкек Govori.TV

Коомдук транспортто санитардык эрежелердин так сакталуусу зарыл. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, коомдук транспортто маска тагынуу жана жүргүнчүлөрдүн санынын ашып кетүүсү боюнча бузулар болууда.

«Бул жагдайларга маани берүү керек. Болбосо кайрадан абал өзгөрүп кетсе 4-октябрь күнү шайлоого эч ким келбейт. Себеби ооруп калуу коркунучу жаралуусу ыктымал. Шайлоого чейин шаарда санитардык нормаларды катуу сактоо керек», — деди ал.

Мындан тышкары, Суракматов коомдук тез тамактануучу жайлардын тазалыгына маани берүү керектигин кошумчалады. Анын айтымында мындай кырдаал улана берсе 4-октябрда экинчи толкун болуусу ыктымал.

Количество просмотров: 11129