• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Суракматов мэриянын эки аткаминерине эскертүү берди

5 Жетинин айы 2019 17:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаевге сөгүш жарыялап, мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаевге эскертүү берди. Бул тууралуу

Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, калаа башчысы муниципалдык мүлктүн электрондук реестрин ишке киргизүү боюнча тапшырма убагында аткарылбаганына нааразы болгон.

Суракматов Бишкектин мүлкү тууралуу маалыматтын бардыгы жарандардын ыңгайлуулугу үчүн ачык болушу керектигин белгилеген. Ал ошондой эле Муниципалдык менчик башкармалыгы киреше алып келбей жатканы менеджменттин жоктугунан кабар берерин кошумчалаган.

Тынаевге муниципалдык менчик мүлккө инвентаризация жүргүзүп, башкалар «басып» албашы үчүн каттоого алынбаган бардык объектилерди мыйзамдаштыруу тапшырмасы берилди,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 92