• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Суракматов: Уруксат кагазында салык кызматынын мөөрү болуусу керек

11 Бугу 202014:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-майда өкмөт үйүндө онлайн жыйында Бишкек мэри Азиз Суракматов 11-майдан тарта жумушка чыккан айрым кызматкерлерде маршруттук кагаз, жашаган жеринен справка жана иштеген жеринен уруксат кагазы болуусу керек деген билдирүү жасады.

Ал белгилегендей, иш ордунан уруксат кагаз Мамлекеттик салык кызматы тарабынан күбөлөндүрүүсү абзел.

«Ураксат кагазын жетекчилик ар бир кызматкерге алуусу керек. Анын алып жаткан учурда салык кызматы буга чейинки салыктарды төлөгөндүгү тууралуу тастыктоочу кагазды талап кыла албайт. Ишканалар кызматкерлеринин тизмесин түзүп берет жана ар бирине справкага мөөр басылат», — деди ал.

Эске салсак, шаар ичинде жылып жүрүүгө мамлекеттик салык кызматынан уруксат кагаз алыш керектиги тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кечээ, 10-майда өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирген.

“Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендер үчүн – шаар ичинде жылып жүрүүгө ишкананын катталган жери боюнча Мамлекеттик салык кызматында тастыкталган аныктамасы керек. Мында салык кызматында көп адамдын топтолушун болтурбоого жумуш берүүчү муну тизме боюнча өзү ишке ашырышы туура болот. Бул маселени мэрия менен биргеликте иштеп чыгуу зарыл”, – деген эле Боронов.

Ал эми айрым маалымат каражаттары Бишкек мэри Азиз Суракматов 11-майда жумушка чыга турган жарандар ала турчу уруксат кагазды салык кызматы тарабынан күбөлөндүрүүнүн кажети жок экенин билдиргендиги тууралуу жазышкан эле.

Ошол эле учурда коомчулукта талкууга алынган бул уруксат кагазы тууралуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан билдирүү жасалып, справка кимге жана эмне үчүн бериле турганы тууралуу так жооп бере алышкан эмес.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2965716826845255&set=a.238286382921660&type=3&theater
Количество просмотров: 528