“M-Vector” консалтинг компаниясынын 2023-жылы жургүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгын чыгарып, өлкөдөгү эң көп окулган жана көрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарын тизмектеди.
Маалыматка ылайык, биринчи орунда «Азаттык», экинчи орунда Kaktus.media болсо андан кийин super.kg, Akipress жана 24.kg маалымат агенттиктери турат.

Сурамжылоодо ошондой эле Кыргызстанда элдин 18% маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттарынан, 12% кыргыз тилинде, 5% орус тилинде окушарын билдиришкен.
Ал эми сурамжылоодо кыргызстандыктар кайсы телеканалдын көрсөтүүлөрүн жана кайсы радиодон берүүлөрдү угуп, маалымат алары да маалымдалган.


Саясий жаңылыктар коомчулук үчүн эң популярдуу бойдон калууда, ага респонденттердин 44 пайызы кызыгышат. Экинчи орунда аба ырайы, андан соң экономикалык жаңылыктар, криминалдык жаңылыктар жана билим, маданият жаңылыктары болуп кетет.

Ал эми сурамжылоого катышкандардан маалымат булактары тууралуу да маалымат алынган. Жыйынтыгында көрүнүп тургандай, 2023-жылы маалымат алуунун булагы катары социалдык тармактар алдыга чыккан. Суралгандардын 53 пайызы маалыматты Инстаграм, Тик-Ток, Ютуб сымал соцтармак баракчаларынан алышат. Андан соң телевидение жана интернет басылмалар турат.

“M-Vector” мындай иликтөөнү 2011-жылдан бери жүргүзүп келет.