Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири жумушсуздук экенин Эл аралык республикалык институт (IRI) уюмунун тапшырмасы боюнча SIAR эл аралык изилдөө-консалтинг компаниясы жүргүзгөн сурамжылоого катышкан кыргызстандыктар белгилешти. Сурамжылоонун жыйынтыгы 29-февралда жарыяланды.
Респонденттердин 27% негизги көйгөй деп баалардын жогорулугун, 20% жумушсуздукту, 10% коррупцияны, 3% турак жай маселесин, 2% миграцияны, 2% чек ара көйгөйүн айтышкан.
Жумушсуздук «Сиз жана сиздин үй-бүлөңүз үчүн кайсы көйгөй эң олуттуу болуп саналат?» деген суроого берилген жооптордун сап башына чыкты.
Жумушсуздук жеке көйгөй экенин айткандар былтыр 15% болсо, быйыл 25% болду.