Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген норманы алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоорун депутаттар Жанар Акаев («Альянс»), Нурланбек Шакиев (Аксы округу), Улукбек Ормонов («Ишеним»), Дастан Бекешев (Октябрь округу), Сеид Атамбаев (Аламүдүн округу), Марлен Маматалиев («Ынтымак») сунуштаган. Аталган мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууга алынып, кайчы пикирлерди жаратууда.