• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сурамжылоо: Депутаттар латын арибине өтүүнү сунуштады. А сиз колдойсузбу?

20 Чын куран 2023 9:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 19-апрелиндеги жалпы жыйынында бир нече депутат кыргыз тилин латын алфавитине которууну сунушташты.

Депутат Эмил Токтошевдин айтымында, кыргыз тилин сактап калуу жана чыныгы реформа үчүн латын алфавитине өтүшү керек.

Ал эми Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев эгер маселе жогорку бийлик өкүлдөрү колдоп берсе, «биздин интеллигенция, илимпоздор латынга өтүүгө даяр эле. Бир нече варианттар жасалып жатат», — деп жооп берди.

Мындан улам латын алфавитине өтүүгө коомчулук даярбы деген суроо жаралып, бул маселенин айланасында сурамжылоо кылууну туура көрдүк.

Депутаттар латын алфавитине өтүүнү сунушташты. А сиз колдойсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 76