• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сурамжылоо: «Элге эле кыйын», «5 сом тагдыр чечпейт». Жол кирени көтөрүүгө эл эмне дейт?

3 Кулжа 2021 13:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-июнда Бишкектеги жүргүнчү ташыган маршруттук таксилердин айрым каттамдары ишке чыккан жок. Алар эки күндөн бери жол кирени көтөрүү талабы менен иш таштап жатат.

Шаардагы троллейбустардын иштөө тартиби узарып, таңкы саат 5:40тан түнкү 23:00 чейин эл ташууда. Башкалаа жетекчилиги “Ала кет!” флешмобун баштап, айдоочуларды жолдо калган атуулдарды салып кетүүгө үндөп жатат.

Мындан улам шаар тургундарынан кол киренин көтөрүлүүсү, айдоочулардын иш таштоосу боюнча сурамжылоо кылып көрдүк.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, жүргүнчү ташуу милдетин алган менчик фирмалар менен калаа башчылыгы кечээ түнгө чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Азырынча анын жыйынтыгы кабарлана элек.

Количество просмотров: 1817