Бишкекте кечки саат 6дан кийин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды. Ордо кааланын коменданты Алмаз Орозалиев билдиргендей муниципалдык кызматтардан соода борборлоруна, дүкөндөргө көзөмөл жүргүзүүнү суранды. Белгилей кетсек, өзгөчө абал тартиби дагы үч күнгө уланат. Кечки саат 10дон таңкы 5ке чейин коменданттык саат жарыяланды. Мындан улам Говори.ТВ агенттиги кечки 6дан кийин ичимдиктер сатылып жатабы сурамжылоо кылып көрдү.