Бишкекте санитардык нормаларды бузуп велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери алынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
“Өзгөчө абалдын талаптарын жана санитардык эрежелерди бузуп көчөдө велосипед тээп жүргөн жарандардын велосипеддери убактылуу алынат”, – деди ал.
Коменданттын мындай билдирүүсүнөн соң коомчулукта ар кыл пикирлер жаралып, айрымдары туура эмес дешсе, айрым жарандар бул чечим туура экенин айтышууда.
Мындан улам Govori.TV окурмандар арасында сурамжылоо жүргүзүүнү туура көрдү.