Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформа, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери күндүн темасынан түшө элек. Министрди сындагандар ал мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай жатканын, айрым кадамдары мыйзамсыз экенин айтууда. Ошол эле маалда анын кадамдарын колдогондор да бар.
Белгилей кетсек, министр бир катар медициналык мекемелерди бириктирип, жаңы бөлүмдөрдү түзүп, кээ бирин таптакыр жоюп жатат, бир нече таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алды. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыкты. Ошондой эле онго чукул медициналык окуу жай жабыларын кабарлаган. Министрдин дээрлик бардык кадамдары чыр менен коштолууда.