• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сурамжылоо: Президент Жээнбеков отставкага кетиши керекпи?

15 Тогуздун айы 2020 9:56 Бишкек Govori.TV

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылылар уюштурган митинг массалык башаламандыкка айланып, митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан.

Абакта жаткан бир катар саясатчыларды, алардын ичинде Садыр Жапаровду да бар. Андан соң митингчилер аны премьер-министр кылуу мүдөөөрүн билдиришкен. Жапаров үчүнчү жолу дегенде гана өлкөнүн мыйзамдуу өкмөк башчысы болуп дайындалды. 14-октябрда парламент өкмөт башчылыкка шайланган Садыр Жапаровдун өкмөт курамын, түзүмүн бекитип, ага президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Бирок Жапаровдун тарапкерлери Жээнбеков кызматтан кетмейинче тарабай турганын билдиришүүдө. 14-октябрда алардын талабы менен президентке жолугууга кирген Садыр Жапаров сүйлөшүүнүн соңунда тарапкерлеринин алдына келип, президент Жээнбеков кетерин айтты.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысынын айтымында өлкө башчы парламенттик шайлоо өткөндөн кийин кызматтан кетүүгө даяр.

Мындан улам Govori.TV агенттиги Жээнбеков отставкага кетүүсү керекпи деген суроо менен коомчулукка кайрылууну чечти.

Төмөндөгү сурамжылоого катышып, өз пикириңизди калтырыңыз.

Сурамжылоо: Президент Жээнбеков отставкага кетиши керекпи?

Жыйынтыгын көрүү

Количество просмотров: 5708