• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сутка ичинде 25 өрт кырсыгы катталды

11 Тогуздун айы 2022 10:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 25 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 10, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Чүй районундагы Советский айылында бала бакчанын көмүрканасында 20 тонна көмүр күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жайыл районундагы Сосновка айылында ачык аянтта 500 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Ата районундагы Дружба айылында турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Үч-Бай айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үй толугу менен, 4 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган бастырма жана анын ичинде жыйылган 200 түк чөп, 0,5 куб отун толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында турак үйдүн короосунда жыйылган 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 60