• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталды

16 Үчтүн айы 2023 11:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 28 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 4, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Ленин районунда көп кабаттуу турак үйдүн жер төлөөсүндө унаа токтотуучу жайда RAV4 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарынын Нурматов көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жай жана жанаша жайгашкан отункана, 3 куб отун, 300 литр күйүүчү май жана Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 61