Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 6 адам каза болгон: Бишкекте – 5 адам, Ош облусунда – 1 киши. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 861 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 832 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 16 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 858 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 568 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 71 миң 171 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 62 миң 544 киши айыгып чыкса, 1 миң 251 адам каза болду.