• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Сутка ичинде өлкө боюнча 22 медкызматкер коронавирус жуктурду

15 Кулжа 2020 10:23 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкө боюнча 22 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 12, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 5 жана Ош облусунда 2 медкызматкер илдетке кабылды.

«Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан», — деди ал.

Белгилей кетсек, 15-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2372 учур катталды. Алардын ичинен 460ы медицина кызматкери. Илдеттен 1813 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Количество просмотров: 40