• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Суу каптаган Түп, шалаакы мамиле жасаган айыл өкмөт

30 Үчтүн айы 2023 10:05 Бишкек Govori.TV

Ысык — Көл облусуна караштуу Түп районунун Түп айылында суу түтүгү жарылып, айылдын айрым көчөлөрүн суу каптап жатат. Бул тууралуу Govori.TVга жергиликтүү тургун билдирди.

Анын айтымында, жаралган көйгөйгө айыл өкмөт, аким кош көңүл мамиле жасап жатат.

«2022-жылдын июль айында суу түтүк жарылып, оңдоо иштери башталган. Дээрлик 7 айдан бери казылган чуңкурлар бүтөлбөй, үйдүн тегерек четин суу каптап жатат. Унаалардын өтүшүнө бир топ эле кыйынчылык жаралды. Айыл өкмөтү эмнени карап отурат билбейбиз. Канча убактыттан бери ушундай көрүнүш. Жер төлөөлөргө чейин суу кирип жатат. Акимге бир нече жолу кирип, маселени айттык. Авариядан улам айылдагы айрым көчөлөрдө таза суу жок. Суу түтүк жарылган жерде 10-15 үй-бүлө жашайт. Жакында жазгы жумуштар башталат, чоң машина кире албай азап чегебиз»,-дейт жергиликтүү тургун.

Количество просмотров: 5015