• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Суу маселесин чечишсин! Жаңы конуштун жашоочулары жолду жабышты

19 Бугу 2021 22:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-майда Бишкектин четиндеги жаңы конуштун жашоочулары Горький жана Ауэзов көчөлөрүн тосуп, жолду жабышты.

Чогулгандар жаңы конуштагы таза суу көйгөйүнө байланыштуу нааразы болуп чыгышкан. Өзүн Мээрим деп тааныштырган тургун төмөндөгүлөргө токтолду.

«Биз Аламүдүн районуна караштуу «44 ГА» конушунун тургундарыбыз. Биздин аймакта 3 күндөн бери таза суу үзгүлтүккө учурады. Бир жума убакыттан бери жылжып агып жаткан, 3 күн болду такыр токтотуп салышты. Суу эмне себептен өчүрүлгөнү тууралуу айыл өкмөт же акимиат түшүндүрмө берген жок. Бүгүн түшкө чейин күтүп туруубузду суранышкан, бирок майнап чыккан жок. Аргасыздан жолду жапканга туура келди. Учурда Ауэзов менен Горький көчөсүнүн кесилишинде болжол менен 100гө чукул жашоочу көйгөйдүн чечилишин талап кылуу менен жолду тосуп турат. Бизде таза сууга байланыштуу 2020-жылдан бери көйгөй жаралды. Бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго чейин кат жолдонгон»,-деди аталган конуштун жашоочусу.

Ошондой эле ал «44 ГА» конушунда 600 түтүн жашай турганын айтып, маселе чечилмейин тарабай тургандыктарын кошумчалады.

Количество просмотров: 1443