• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Суу сактагычтан жаш жигиттин сөөгү табылды

23 Бугу 2020 12:08 Бишкек Govori.TV

Папан суу сактагычына чөгүп кеткен жаш жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу  ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

22-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 1998-жылы туулган жигит чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«ӨКМдин куткаруучулары издөө иштерин жүргүздү. Бүгүн, 23-майда таңкы саат 7:30дар чамасында маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 168