• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Сууга агып кеткен 6 жаштагы бала изделүүдө

25 Чын куран 2024 14:14 Бишкек Govori.TV

Нарын дарыясына агып кеткен 6 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылынын Акшаар участогунда 23-апрель күнү саат 18:50 чамасында Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н. Н. сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

«23-24-апрель күндөрү издөө иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, натыйжа болгон эмес. Бүгүн жогоруда аты аталган тестиер баланы издөөгө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 6-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, 2-өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 3 суучул, Таш-Көмүр шаардык ӨКБнүн 12 куткаруучу, ШИИБнөн 9 кызматкер, жоголгон баланын жакындарынан 45 жаран тартылып, Нарын дарыясында кайык менен жана жөө издөө иштерин жүргүзүүдө»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 176