• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Сууга түшүп кеткен уйду куткарам деген киши өзү агып кете жаздады

5 Теке 2019 16:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда сууга агып кете жаздаган адамды куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сасык-Булак айылына жакын жерде киши суу шар аккан каналдан уюн алып чыгууга аракет жасап жатып өзү сууга кулап кеткен.Натыйжада окуя болгон жерге сегиз куткаруучу барып, сууга түшүп кеткен адамды аман алып калышкан.

Учурда жабырлануучу Кемин райондук ооруканасында жаткандыгы айтылган.

Количество просмотров: 3