«Суук түшкүчө транспорт маселесин чечип берсеңиздер!»
«Суук түшкүчө транспорт маселесин чечип берсеңиздер!»
30 Аяк оона 202416:38 Бишкек Govori.TV
Govori.TV редакциясына Бишкектин четиндеги Заречная айылынын тургуну Нурмат Жантаев транспорт маселеси чоң көйгөй болуп жаткандыгын билдирип, Президент Садыр Жапаровго кайрылды. Анын кайрылуусу мындай.
«Урматтуу Садыр Нургожоевич! Балким бул жагдай сизге маалым болбошу мүмкүн. Азыркы учурда шаардагы №58-мектептеги балдардын басымдуу бөлүгү тегерек четтеги Орок, Байтик айылынын айланасындагы дачалардан, Сүймөнкул Чокморов, Таш-Дөбө, Заречное айылдарынан бери келип окушат.
Азыркы учурда каттаганга коомдук транспорт жок, балдар жөө калды. Себеби жаңы «Ынтымак ордо» салынгандыктан, коомдук унааларды бул качөдөн алып салышты.
Ушул кезде ар бир үйдөн 4 балага чейин мектепте окушат, алар мектепке жетиш үчүн улам маршрут которуп, араң барып-келип жатышат. Бизге окшогон жаштар эч кимден деле нан сурабайбыз, өз арабабызды тартып келгенбиз. Болгону бизде мурда жүрүп келген 295, 265, 11 каттамдарды ордуна коюп бергиле деп, Бишкек шаардык мэриясынын эшигин кага берип тажадык.
Жакында суук түшөт, муну ойлоп койгон эч ким жок. Балдарыбыздын мектепке барып-келиши кандай болот?
Биздин маселеге көңүл буруп, суук түшкүчө транспорт маселесин чечип берүүңүздөрдү суранабыз!»