• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Суваналиев: “Бүтүн Кыргызстанды” четтетүү “саясий чечим” болду, биз да саясий кадамдарга барабыз

4 Аяк оона 2020 11:16 Бишкек Govori.TV

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын парламенттик шайлоодон четтетилишин “саясий чечим” болду жана мындан ары биз да саясий кадамдарга барабыз. Бул тууралуу Өмүрбек Суваналиев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

«Биздин партия күчтүү каршылаш болгондуктан Жогорку Кеңештен көргүлөрү келбейт. Ошондуктан ушундай чечимди чыгаршыты. «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоого өткөрбөй коюу чечими саясий чечим болду», — деди ал.

Эске салсак, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого каттабай койду. Буга аталган партия талапкерлерди аныктоодо эреже бузганы негиз катары көрсөтүлдү.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова алгач партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок танаписте ал тымызын өзгөртүлгөнүн айтты.

Абдрахматова өзгөрүүнүн негиздери жазылган документти көрсөтүүнү суранды. Жумушчу топ ал документти көрсөтө албады.

Буга чейин Бүтүн Кыргызстандын курамында шайлоого барууга аттанып кийин тизмеден чыгып калган Турсунбай Бакир уулу нааразы болуп, партиянын үстүнөн БШКга даттанган.

БШКнын жумушчу тобу муну партиянын ички иши деп, сотто чечип алууну сунуш кылган болчу.

Количество просмотров: 215