• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сузак районундагы автоунаа кырсыгынан үч адам каза тапты

23 Жетинин айы 2018 14:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.11.2018.Govori.TV.
20-ноябрь күнү райондун Таштак айылынын 22 жаштагы тургуну өзүнүн автоунаасы менен кырсыкка кабылып, үч классташ жигит каза тапты. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Окуя, Жалал-Абад-Казарман жолунун Сафаровка айылында “Toyota Wish” үлгүсүндөгү автоунаасунун айдоочусу бирөөнүн короосун сүзүп, катуу жол кырсыгына учураган. Натыйжада 22 жаштагы Таштак айылынын үч тургуну каза болуп, бирөө шаардык оорукананын травматология бөлүмүнө жеткирилген.
Каза болгон адамдын жакындары эч кимге доосу жоктугун айтып, соттук- медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Автоунаа ичиндеги классташ достор кыз ала качууга бара жатканы айтылууда.
Количество просмотров: 12