Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чөкө-Дөбө айылында жайгашкан турак үйдө өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу маалымат 25-сентябрь күнү саат 15:30да келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 15:30да Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, саат 15:43тө Сузак райондук №65 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана саат 15:48де Жалал-Абад шаардык №20 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.