• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сузакта 15 жаштагы өспүрүм бала изделүүдө

14 Кулжа 2022 16:04 Бишкек Govori.TV


Сузак районунун Винсовхоз айылынын 2007-жылы туулган тургуну Султанбаев Абдумалик, 2022-жылдын 3-июнь күнү саат 10.30 чамаларда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Султанбаев Абдумаликтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: бою 140-150 см, кара тору орто бойлуу, чачы сары узун, ак жүздүү, кашы көзү кара, дене түзүлүшү арыкчырай. Бираз кекечтенип сүйлөйт.

Кийген кийимдери: үстүндө ак түстөгү футболка, көк түстөгү шорта, бутунда кара түстөгү красовкачан болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Султанбаев Абдумалик боюнча кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.

Алдын ала көрсөткөн жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Тел.: 03722-7-39-90, 102, 0553780078, 0771936070

Количество просмотров: 160