• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиев: Кумтөр кенинде жоголгон адамдарды издөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүү керек

2 Бештин айы 2019 8:02 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти.

Өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Белгилүү болгондой, 1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери — бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси жоголгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүүдө.

Окуянын себеби боюнча кошумча маалыматтар берилет.

Количество просмотров: 117