• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Сузакта 3 адамдан коронавирус аныкталды

18 Жалган куран 2020 9:30 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 3 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 18-мартта Өкмөт Үйүндө өтүп жаткан брифингде билдирди.

Анын айтымында, алар Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан келген жарандар.

» 12-март күнү Умра сапарынан келген 3 жаранда коронавируска шек жаралып, дене табы түшпөй жаткан. Тесттин жыйынтыгында алардын коронавирус жуктурганы аныкталды. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканасында жатышат»,— деп айтылган маалыматта.

Количество просмотров: 4400