• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сузакта айылдашына бычак сайган УКТ мүчөсү кармалды

12 Үчтүн айы 2021 13:21 Бишкек Govori.TV

Сузакта айылдашына бычак сайган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 30-декабрь күнү саат 14:00 чамаларда Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө райондук ооруканадан 37 жаштагы Т.Б. оң жак көкүрөгүнө учтуу нерседен жараат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы билдирилген. Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге чыгышып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар ошол эле күнү Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган фактынын бетин ачуу максатында Сузак РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жабырлануучунун айылдашы, мурда бир нече жолу соттолгон, КРнын ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, “Пакыр Калла” каймана аттуу Сузак районунун 45 жаштагы тургуну Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкаганда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 157